Балдарды 1-класска каттоонун II этабы башталды. Мөөнөтү, шарттары

Министрликтен бул этапта балдардын жашаган дарегине каралбай турганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бүгүн, 26-июнда, мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге, 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.
Катталуу 31-августка чейин уланат. Министрликтен II этапта жашаган дарегине каралбай турганын айтышты.
"II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот. Биринчи этап юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлдү", — деп айтты аталган ведомстводон.
Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 81 миң 396 бала кабыл алынса, анын ичинен 1 миң 967 бала жеңилдик менен кирген.
Мектепке электрондук каттоодо мыйзамдуу жеңилдикке (артыкчылыкка) ээ болгон жарандар бар.
Алар:
Аскер кызматкерлеринин балдары;
Кайрылман статусу бар этникалык кыргыздар;
2023-жылдын сентябрына карата мектепте бир жылдан кем эмес иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматкерлердин балдарына.
Аталган жарандар аскер кызматында, мектепте иштегенин жана кайрылман статусу бар экендигин тастыктаган маалым катты тиркөөгө тийиш.
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.
Көп берилүүчү суроолорго жоопторду жана нускамаларды порталдын башкы бетинен табууга болот:
mektep.edu.gov.kg
youtu.be/rklBh-ZEqjs
edu.gov.kg/posts/1841/
Радио
Быйыл Кыргызстанда 1-класстар үчүн 186 миң орун берилди