Томск шаарынын 5 университетине Бишкекте туруп тапшырса болот. Жол-жобосу

Документтерди кабыл алуу жана сынактар 29-июнга чейин жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Томск шаарындагы беш университеттин көчмө кабыл алуу комиссиясы Бишкекке келет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү төмөнкү беш окуу жайга тапшыра алат:
1.
Сибирь мамлекеттик медициналык университетине;
2.
Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университетине;
3.
Томск мамлекеттик университетине;
4.
Томск мамлекеттик башкаруу системалары жана радиоэлектроника университетине;
5.
Томск политехникалык университетине бюджеттик негизде окууга.
Документтерди кабыл алуу жана сынактар 29-июнга чейин Бишкек шаарындагы № 65 экологиялык-экономикалык лицейде өткөрүлөт. Ал эми 3-июлдан 7-июлга чейин комиссия бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери менен иш алып барат.
Толук маалыматты +79832341020 (WhatsApp), +996(555)000624 номеринен алууга болот.
Радио
Костюк: Чебоксарыда өткөн кинофестивалда студенттер байге уткан учурлар болду