"Вагнер" окуясы: Кремль эмне үчүн Лукашенко ортомчулук кылганын түшүндүрдү

Лукашенко Пригожин менен 20 жылга жакын убакыттан бери жакшы тааныш.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен Беларусь лидери Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү. "Вагнер" тобунун жетекчиси Евгений Пригожин менен жакшы тааныш болгондуктан Беларусь президенти Минскиде ортомчулук кылууну демилгелеген. Бул тууралуу РИА Новости Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдирүүсүнө таянып жазды.
"Эки өлкөнүн башчылары Лукашенко абалды жөнгө салууда ортомчулук кыларын макулдашты. Сиздер "эмне үчүн Лукашенко?" деп сурашыңыздар мүмкүн. Себеби Александр Григорьевич Пригожин менен 20 жылга жакын убакыттан бери жакшы тааныш, бул Лукашенконун демилгеси", — деген Песков журналисттерге.
Ошондой эле ал ишемби "трагедиялык окуялар жетиштүү болгон" оор күн деп атады.
Окуянын чоо-жайы
Башкы прокуратура Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Вагнер" жеке аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин билдирүүлөрүнөн кийин аскердик төңкөрүшкө чакырык боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул кылмыш үчүн 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
ФСБ Пригожиндин билдирүүлөрү жана иш-аракеттери Россиянын аймагында куралдуу жарандык кагылышты баштоого чакырык болуп саналарын жана россиялык аскерлердин "далысына бычак урарын" белгилеген. Мекеме Пригожиндин кылмыштуу буйруктарын аткарбоого жана аны кармоого чара көрүүгө чакырган.
Ал арада Россиянын Коргоо министрлиги "Вагнердин" арткы лагерлерине сокку урулганы тууралуу маалыматты четке какты. Министрликтин маалыматында, социалдык тармактарда анын жетекчиси Евгений Пригожиндин атынан "Вагнер" тобунун арткы лагерине сокку урулду деп айтылып жаткан бардык билдирүүлөр жана видеотасмалар чындыкка дал келбейт. Бул маалыматтык чагымчылык болуп саналат.
РФ Коргоо министрлиги россиялык күчтөр атайын операция жүрүп жаткан аймакта өз милдетин аткарып жатканын белгиледи.
Москва шаары менен Москва облусунда контртеррордук операция жарыяланган.
Кремль сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жарыялады:
Пригожинге карата козголгон кылмыш иши токтотулат;
козголоңго катышкан "Вагнер" тобунун жоокерлери кысымга алынбайт, каалагандар Коргоо министрлиги менен келишим түзө алат;
Минскинин ортомчулугу Лукашенконун өзүнүн демилгеси менен ишке ашты;
болуп өткөн окуя атайын операциянын жүрүшүнө таасир этпейт, жоокерлер контрчабуулдун мизин кайтарууда, операция уланат.
ЧВК "Вагнер" боюнча жагдайдагы маанилүү маалыматтар. Тексттик трансляция