Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: иш күнүм атайын операциянын маселеси менен башталып, ушуну менен бүтөт

Өлкө башчынын айтымында, аскер продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 2,7 эсеге, ал эми суроо-талап жогору болгон түрүнө 10 эсеге жогорулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Иш күн атайын операциянын маселелери менен башталып, кайра ушуну менен эле бүтөт. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин "Россия 1" телеканалындагы "Москва. Кремль. Путин" программасында маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Албетте, көңүл чордонунда турат. Иш күнүм ушуну менен башталып, ушуну менен аяктайт", — деди президент.
Анын айтымында, бул кеңешмелер, жолугушуулар, телефон аркылуу сүйлөшүүлөр.
Путин курал-жарак өндүрүүгө байланышкан маселелер боюнча тиешелүү ишканалардын, компания жетекчилеринин, ошондой эле ал куралдарды пайдалангандардын маалыматын дайым угуп турарын кошумчалады.
"Куралдын майнаптуулугун талкуулайбыз, кайсы жерде эмне кылышыбыз керектигин кеңешебиз", — деди президент.
Өлкө башчысы коргонуу тармагындагы өндүрүштүн көлөмүн жана темпин өстүрүү карапайым элдин алдындагы социалдык милдеттенмелердин аткарылышына залакасын тийгизбеши керектигине токтолду.
"Биздин коргонуу жаатындагы аракеттерибиз башкы нерсеге тоскоол болбошу зарыл. Башкы нерсе — бул биз таянган негиз. Ал эми негизибиз — экономика", — деди Путин.
Эскерте кетсек, мурунку аптада өткөн Петербург эл аралык экономикалык форумда Путин коргонуу-өнөр жай ишканалары эки-үч смена менен иштеп жатканын билдирген. Анын айтымында, аскер продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 2,7 эсеге, ал эми суроо-талап жогору болгон түрүнө 10 эсеге жогорулаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украина чоң жоготууга учурагандыктан фронтто "тынчтык" өкүм сүрүүдө