Кыргызстанда 1-июлга чейин аба ырайы кандай болот?

25-июндан 1-июлга чейин тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология агенттиги 1-июлга чейин Кыргызстанда аба ырайы кандай болорун айтты.

Чүй облусу

25-июндан 1-июлга чейин тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Талас облусу

Бул облуста дагы тоолуу райондордо гана өткүн өткөнү болбосо, башка аймактарда апта бою күн ачык.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүгүндөгү облустарда 25-26-июнь күндөрү жаан жаашы ыктымал. Мисалы, Ошто эки күн тең жааса, Жалал-Абадда 25и, Баткенде 26сы жаан-чачындуу болот. Калган күндөрү бардык аймактарда күн ачык бойдон турат.

Ысык-Көл облусу

Ал эми көлдө апта бою маал-маалы менен жаан жаап турат.

Нарын облусу

Бул аймакта бүгүндөн баштап апта бою улам-улам өткүн өтүп, 1-июлда гана жаан-чачынсыз болот.
Июль ичинде аба ырайы кандай болот. Бир айлык божомол