ЖМК: Батыш Россиянын тарыхый кадамын кабыл алышы керек

Журналисттин айтымында, азыркы түзүлгөн кырдаалдан улам европа мамлекеттери кыйын абалда турат, мындан улам алар "куралдуу күчтөрүн күчтөнтүшү керек".
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Батыш Россиянын Европадан биротоло жүз буруп кетишин кабылдоого милдеттүү. Бул тууралуу РИА Новости Times басылмасындагы макалага таянып жазды.
"Биз Россия Европадан жүз буруп кеткен тарыхый кадамын кабыл алышыбыз керек", — деген баяндамачы Макс Гастингс.
Анын айтымында, санкциялар Москвага көп таасир эте алган жок, Россия экономикасы таң калтырып өз нугунда өнүгүүдө. Автор макаласында Батыш Европа менен Британиянын коргонуу өнөр жайы начар абалда экенин айгинелеп турган маалыматтарды келтирген. Гастингс Брекситтен соң Лондон өлкөнү өнүктүрүү боюнча алгылыктуу пландарын айтканы менен ал стратегияны ишке ашыруу үчүн жаңы ресурс жок болуп чыкканына кейиди.
Журналисттин айтымында, азыркы түзүлгөн кырдаалдан улам европа мамлекеттери кыйын абалда турат, мындан улам алар "куралдуу күчтөрүн күчтөнтүшү керек".
Россия Батыштын бир нече жылдан бери созулуп келе жаткан санкциялык басымына туруштук бере аларын көп ирет жолу эскерткен. Батыш мамлекеттеринин өзүндө да санкциялардын майнапсыздыгы тууралуу пикирлер жаңырган. РФ лидери Владимир Путин санкциялар дүйнөлүк экономикага оор сокку болгонун белгилеп келет. Анын айтымында, Батыштын башкы максаты — миллиондогон адамдын жашоо турмушун начарлатуу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: иш күнүм атайын операциянын маселеси менен башталып, ушуну менен бүтөт