Эми таштанды челектин жанына токтогон автоунааны эвакуатор жүктөп кетет

Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасына өзүнчө эвакуатордук бригада бекитилди. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Рамиз Алиев билдирди.
Эми таштанды челектердин жанына токтотулган автоунаалар айып короого киргизилип, айдоочусуна айып пул салынат. "Тазалыктын" кызматкерлери эвакуатордук бригадага автоунаа жолтоо болуп жаткан даректерди жөнөтүп турат.
Алиев Бишкек Кайгуул милиция башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Досовго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
"Тазалыктын" башчысы Октябрь районун таштандыдан тазалоого 10 күн убакыт сурады