WP: АКШ Пригожиндин козголоң чыгарарын эки жума мурун билген

РФ президенти Владимир Путин вагнерчилердин кылыгын кылмыш деп атап, козголоң уюштурганы үчүн Пригожинге каршы иш козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. АКШнын чалгын агенттиктери Евгений Пригожиндин козголоң даярдап жатканы тууралуу Ак үйдү июнь айынын ортосунда кабардар кылган. Бул тууралуу америкалык аткаминерлерге таянуу менен ЖМКлар жазганын РИА Новости билдирди.
Washington Post басылмасынын маалымат булактары чалгын кызматы козголоң даярдалып жатканы тууралуу жетиштүү деңгээлде маалымдар болгонун айтышкан. Акыркы эки жума аралыгында агенттик ушундай окуя болорун Ак үйгө, Пентагонго, Мамдепартаментке жана конгресске эскерткен.
Ал эми New York Times америкалык чиновниктер айтылган маалыматты ачыкка чыгарбоону чечкенин, алар Москванын мамлекеттик төңкөрүштү уюштурду деген айыптоосунан кооптонушканын жазды. Мындан тышкары, басылма АКШлык аткаминерлер Россия бийлигине жардам көрсөтүүнү каалашпаганын белгиледи.
Эскерте кетсек, 24-июнга караган күнү "Вагнер" тобу Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскер округунун штабын басып алган. Мындай аракет Евгений Пригожиндин аталган топко Куралдуу күчтөрдүн соккусу тууралуу сөзүнөн кийин жасалган. Коргоо министрлиги да, ФСБ да муну дароо четке какты.
РФ президенти Владимир Путин вагнерчилердин кылыгын кылмыш деп атап, козголоң уюштурганы үчүн Пригожинге каршы иш козголгон.
Кийинчерээк Беларусь президентинин маалымат кызматы Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүп, "Вагнер" тобунун Россия аймагында ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча макулдашканын кабарлады.
Ошол эле күнү кечинде РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин Беларуска кетип, кылмыш иши токтотуларын билдирип, буга Россия президентинин сөзү кепил экенин айткан.
"Вагнер" окуясы: Кремль эмне үчүн Лукашенко ортомчулук кылганын түшүндүрдү