РФ Коргоо министрлиги "Вагнер" тобуна сокку урулду деген маалыматты четке какты

Россия аскерлери атайын операция болгон аймакта украин армиясы менен кармашуу линиясында тапшырмаларды аткарууну улантууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. "Вагнер" тобунун арткы лагерлерине сокку уруу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул боюнча Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Социалдык тармактарда анын жетекчиси Евгений Пригожиндин атынан "РФтин Коргоо министрлигинин "Вагнер" тобунун арткы лагерине сокку урулду деп айтылып жаткан бардык билдирүүлөр жана видеотасмалар чындыкка дал келбейт. Бул маалыматтык провокация болуп саналат", — деп айтылат түшүндүрмөдө.

Коргоо министрлиги белгилегендей, орус аскерлери атайын операция болгон аймакта украин армиясы менен кармашуу линиясында күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну улантууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Бир айга жетери күмөн". НАТОдогулар Киевге жакпаган чындыкты ачыктады