"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына үй-бүлөлүү жигитке алданып калган жаш кыздын каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы! Мен 19 жаштамын. Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринде 1-курста окуйм. Апам менен Чүйдүн бир айылында жашачубуз. Мен студент болгону үйүбүздү таежеме убактылуу берип, Бишкекке батирге көчүп келгенбиз. Апам эртеден кечке жумуштан колу бошобойт. Атамдын өз үй-бүлөсү бар. Биз менен катышпайт, апам экөөнүн мамилеси жакшы эмес. Мындан жарым жыл мурун курбумдун туулган күнүнө барып, түндө 12де такси чакырып үйгө келгем. Таксист байке менен үйгө жеткиче ар кайсыны сүйлөшүп келгенбиз. Менден 10 жаш улуу, жылдыздуу киши экен. Эртеси эле сабактан чыгарымда мага белгисиз бир номер байланышты. Алсам ошол таксист байке. Окуум жакта жүргөнүн жана мен жашаган жакка бара турганын айтып жеткирип коюуну сунуштады. Мен суукта дароо макул болдум. Үйгө жылуу жетип аларымды ойлоп кудуңдап отуруп алдым. Жолдон курсагы ачып кеткенин айтып чайханага киргизди. Ошентип Азиз менен дагы жакындан таанышып, андан чыгып сейилдедик. Ал мени күндө жеткирип, ойноп-күлүп жүрүп ага жакын болуп кеттим. Анын жанында өзүмдү коопсуз сезип, ойлосом оюмдан кетпей калган кезде үй-бүлөсү бар экенин билдим. Бир уулдун атасы экен. Бирок баш тарта албай койдум, анткени жакшы көрүп калган элем. Экөөбүз WhatsApp аркылуу сүйлөшүп, мени аябай эркелетчү. Бирок кечкисин телефон чалсам көп албайт. Бир ирет аялы да чалып "Түндө ушул номерден чалыпсыңар. Бул ким?" деп сураганда адашып чалып алыптырмын деп кутулгам. Азизге айтсам, "кечинде чалба, аялым чалса минтип айт, ансыз деле урушуп жатабыз" деп ороңдоп урушуп салды. Ошону менен ичимден жаман болуп калдым. Ортодон качып сүйлөшпөй да калгам. Бирок кайра эле таап алып мурункусундай эле "аялым менен убактылуу эле жашап жатам, акыры ажырашам" деп мени көндүрдү. Кайрадан ишенип калдым. Апама эч нерсе айткан эмесмин. Мен экөөбүздүн келечегибизди, үйүбүздү да элестетип алган элем. Же атамдан ала албаган мээримди андан алууга аракеттендимби, айтор, таттуу сөздөрүнө алдана бердим. Ошентип жүрүп кош бойлуу болуп калганымды билдим. Ага сүйүнчүлөсөм, өңү кубара түштү. Мен да ичим билине электе ажырашып, мени алып кетишин талап кылдым. Ошол күндөн баштап мага мамилеси өзгөрүп, телефонун такыр көтөрбөй калды. Кагып, башкарып сүйлөп, киши катары көрбөгөндөй мамиле жасачу болду. Акыркы убакта мурункудай жолукпай жаман болуп кеттим. Өзү бир ирет чалып, кыска гана сүйлөдү. Барып баланы алдырышымды айтып, акча салган. Мен алдырган жокмун. Ошондон кийин социалдык желеден жалаң урушуп жазат. Бир-эки жолу сөгүп да салды. Ансыз да жаман болуп турганда мага анын сөздөрү катуу тийди, ыйладым, бирок айла жок. Баары бир аны менен сүйлөшүүгө туура келет. Апама айткан жокмун. Башым ооруп жатканын айтып, шылтоолоп сабакка да бара элекмин. Эки күндөн бери аялына чалып баарын айтсамбы деп ойлонуп жатам. Ажырашса ажырашсын. Айлам жок. Бактылуу күндөр кайда кетти?
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— 19 жаш — бул өспүрүм курактын акыркы доору. Мындан кийин эрезеге жеткен адамга айланат. Өспүрүм куракта жакын адамдарына таарынганда, нааразычылык пайда болгондо, койгон талаптары аткарылбай же жакындары менен мамиле түзө албай калганда башка бир адамдарды жакын санай баштайт. Болбосо бул куракта ата-энеси менен сырдаш болуп, аларга оюн айтып, келечектеги пландары менен кенен бөлүшө алышы керек.
Атаңыз менен мамилеңиз жок экен, апаңыз менен чогуу жашасаңыз да оюңузду ачык айта албаптырсыз. Апаңыз үйрөткөн эмес. Ошол себептен да көкүрөктөгү боштукту толтуруу максатында сырттагы адамдан мээрим издегенсиз. Жигит тарабынан да бир тараптуу зомбулук болгон эмес, анткени сиз да жакшы көрүп ошол кадамга барган экенсиз. Башка үй-бүлөсү болгондуктан жигит конфликтиден качып, ажырашкысы келбей сөзсүз баланы жок кылууга мажбурлайт. Кыз маселени апасына ачык айтып, тиги жигитти да чакырып чогуу чечкени туура. Жалгыз эле капаланып, кайгыра бергенде ата мээримин көрбөй өскөн кыздын эркектерге болгон жек көрүүсү ушул окуядан кийин өрчүп кетиши мүмкүн. Кандай болгон күндө үчөөңөр ачык отуруп кеңешкиле. Анткени болочоктогу баланын тагдыры оюнчук эмес.