Путин аскердик абал режимин бузгандарды жазалоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Административдик эреже бузуу жөнүндөгү кодекске өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду.
Аскердик абал жөнүндөгү жобону бузгандарга (эгер кылмыштуу аракет болбосо) төмөнкүдөй жаза каралат:
жарандарга — 500дөн 1000 рублга чейин айып пул же 30 күнгө чейин административдик камакка алуу;
административдик жактарга — 1000ден 2000 рублга чейин айып пул же 30 күнгө чейин административдик камакка алуу.
"Вагнер" окуясы: Путин кескин кайрылуу таратты