Кыргызстан сыртка төрт айда 240 тонна ичеги-карын экспорттоду

Өткөн жылдын январь-апрель айларында 287,6 миң долларга 285,5 тонна ичеги-карын экспорттолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik. 2022-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстандан 239,5 тонна малдын ичегиси экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин отчётунда айтылат.
Экспорттун көлөмү 230 миң долларга бааланууда.
Сатып алуучу өлкөлөр:
Гонконг (Кытайдын өзгөчө административдик району) – 202,7 тонна;
Египет - 20,9 тонна;
Түркия - 15,9 тонна.
Өткөн жылдын январь-апрель айларында 287,6 миң долларга 285,5 тонна ичеги-карын сатылган.
Белгилей кетсек, Гонконгго экспорт дээрлик 70 тоннага өссө, Түркия менен Египетке бир нече эсеге азайган. Ошол эле учурда, 2021-жылы Гонконг бул продуктуну көбүрөөк сатып алган.
Кайсы азык-түлүктү каякка сатуу керек? ЕЭК сунушу