Элчилик Россиядагы кыргызстандыктарга кайрылды

Москва шаары жана Москва облусунун аймагына болушу мүмкүн делген терактыларды алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФте жүргөн КР жарандарын Украина менен чектеш аймактарында кырдаал курчуп кеткендигине байланыштуу ал жактарга барбай турууну суранды. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.
Дипломатиялык өкүлчүлүк аталган аймактарда жашаган кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын сактоону жана зарыл болгон учурда байланышка чыгуусун өтүнөт.
Ишеним телефондору: +7 925 115 50 47, +7 925 285 50 47.
Эске салсак, "Вагнер" тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин "Россиянын Коргоо министрлиги "Вагнердин" арткы лагерине сокку урду" деген билдирүү тараткан.
Көп өтпөй Москва шаары жана Москва облусунун аймагына болушу мүмкүн делген терактыларды алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилди.
РФтин Коргоо министрлиги: "Вагнер" жоокерлери жаңылып калганын түшүнүштү