Ботаникалык бакчанын Горький көчөсүндөгү оранжереясына экскурсиялар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Гүлайым Донбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул декоративдүү өсүмдүктөр лабораториясын реконструкциялоого байланыштуу болууда.
"Ботаникалык бак мамлекеттик колдоого муктаж. Анткени бактан табылган каражат өзүн каржылоого жетпейт. Бирок каржылоо толук бөлүнбөй жатканы өкүндүрөт. Быйыл бакчага өлкө жетекчилери келип, жардам бере турганын айтып келет. Президент Садыр Жапаров ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясынын курамында каларын айтып айрым талаштарга чекит койду. Ошондой эле бакка көмөк көрсөтүлөрүн белгилеп, жардам Горький көчөсүндө жайгашкан декоративдүү өсүмдүктөр жайгашкан лабораторияны реконструкциялоодон башталары айтылган. 22-июндан бери реконструкция башталды. Учурда ал жакта бак, чөптөрдөн тазалоо иштери жүрүүдө. Ошондуктан Ботаникалык бакчанын Горький көчөсүндөгү оранжереясына экскурсиялар 22-июндан тарта убактылуу токтотулду. Оранжереянын декоративдүү өсүмдүктөр лабораториясында реконструкциянын жыйынтыгы менен ачылышы жасалып, кошумча жарыя кылынат", — деди Донбаева.
Ошондой эле ал коноктордон ачылыш болгуча күтө турууну өтүндү.