Бишкекте жаш офицерлердин бүтүрүү аземи өттү. Сүрөттөр

80ге жакын бүтүрүүчү лейтенант наамына ээ болду.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бүгүн, 24-июнда, СССРдин Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун жаш офицерлери окуусун аяктап, “Ала-Тоо” аянтында бүтүрүү аземи өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 6

Бүгүн, 24-июнда, СССРдин Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун жаш офицерлери окуусун аяктап, “Ала-Тоо” аянтында бүтүрүү аземи өттү

2 / 6

Жаш офицерлерди мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ошондой эле жакындары куттукташты

3 / 6

80ге жакын курсант погондорун жаркыраган лейтенант жылдыздарга алмаштырып, жогорку билими тууралуу дипломдорго ээ болушту

4 / 6

Салтанаттуу иш-чарада жогорку аскердик окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө төш белги жана жогорку билими тууралуу диплом тапшырылып, институтту өзгөчөлөнгөн жана артыкчылык диплому менен аяктаган үч жигит коргоо министринин колунан сыйлык алды

5 / 6

Салтка айланган аскердик ырым-жырым жасалган соң жаш лейтенанттар салтанаттуу түрдө аянтты бойлой марш менен басышты

6 / 6

Майрамдык салтанат Кыргыз медициналык академиясынын студент кыздары менен офицердик вальс бийлөө менен аяктады.

Жаш офицерлерди мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ошондой эле жакындары куттукташты.
"80ге жакын курсант погондорун жаркыраган лейтенант жылдыздарга алмаштырып, жогорку билими тууралуу дипломдорго ээ болушту”, — деп айтылат билдирүүдө.
Салтанаттуу иш-чарада жогорку аскердик окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө төш белги жана жогорку билими тууралуу диплом тапшырылып, институтту өзгөчөлөнгөн жана артыкчылык диплому менен аяктаган үч жигит коргоо министринин колунан сыйлык алды.
"Салтка айланган аскердик ырым-жырым жасалган соң жаш лейтенанттар салтанаттуу түрдө аянтты бойлой марш менен басышты”, — деп айтылат кабарда.
Майрамдык салтанат Кыргыз медициналык академиясынын студент кыздары менен офицердик вальс бийлөө менен аяктады.
Бишкектин мектептеринде жаңырган акыркы коңгуроо. Сүрөттөр