БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкекте Mazda үлгүсүндөгү автоунаа кайгуулчулардын автоунаасын сүзүп, андан кийин башка унааны дагы коюп кетти. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.
Жол кырсыгы кечээ Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Mazda каршы тилке менен бара жаткан. Милиционерлердин айтымында, айдоочу милициянын башка экипажынан качып келе жаткан.
Айдоочу кырсык болгон жерден качып, кийинчерээк кармалган. Окуянын чоо-жайы белгисиз.