БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасына жумушчулар керек экенин мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Айлыгы жумуштун көлөмүнө жараша, айына 25 000 сомдон жана андан жогору, кошумча түшкү тамак каралган. Ишканага 20 жол мастери керектиги айтылды.
Талаптар:
18 жашка толгон адам Кыргызстандын жараны болушу керек;
тажрыйбасы жана көндүмдөрү бар кесипкөй жумушчулар;
жаман адаттары болбошу керек;
так жана жоопкерчиликтүүлүк талап кылынат;
нормаларга жана талаптарга ылайык иштерди аткаруу керек.
Бардык талапкерлер байланыш номерлери менен резюме жөнөтүшү керек.
Ошондой эле бир инженер керек.
Талаптар:
18 жашка толгон, мурда соттолбогон, кесиптиктик билимге ээ Кыргызстандын жараны болушу шарт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иш стажы же административдик кызмат орундарынын тобун, ошондой эле категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш стажы керек болот. Кесиптик компетенцияларга ээ болушу зарыл. Кыргызстандын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды, ишиндеги милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билиши талап кылынат;
компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программаларды өздөштүрүшү, тиешелүү чөйрөдө билим жана көндүмдөрү керек. Кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ менен ырасталат.
Маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин өтөт. Дареги: Хвойная көчөсү, 70, маалымат үчүн телефон: 0312377717.