БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Wildberries компаниясы Кыргызстанда ири логистикалык борбор куруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат, инвестициянын суммасы 8 миллиард рублге чейин жетиши ыктымал. Бул тууралуу аталган интернет-дүкөндүн ээси Татьяна Бакальчук Бишкекте өтүп жаткан электрондук коммерцияны илгерилетүү боюнча форумда билдирди.
Компаниянын борбор курууга кызыкдар экени кечээ белгилүү болгон.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
"Биз иштеген өлкөлөрдүн баарында логистикалык борбор курууга аракет кылабыз. Ал бизге да, жергиликтүү ишкерлерге да жардам берет. Аянты 20 гектарга жеткен жер тилкеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, 100-150 миң чарчы метрлик борбор курууну пландаштырып жатабыз. Ар бир 100 миң чарчы метр жерге болжол менен 8 миллиард рубль инвестиция туура келет. 5-6 миң жумушчу орун пайда болот", — деди Бакальчук.
Курулуштун мөөнөтү тууралуу суроого жооп берип жатып, ишкер жер тилкеси аныкталгандан кийин даярдык иштерине жарым жыл, курулушка дагы жарым жыл кетерин белгиледи.