БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Атлантика океанында "Титан" экипажына таандык батискафтын бардык экипажы каза болду. Мындай жыйынтыкка OceanGate Expeditions компаниясынын аппарат ээсинин билдирүүсүнөн кийин келүүгө болорун РИА Новости жазды.
Эске салсак, туристтерди айтылуу "Титаник" чөккөн жерге, океандын түбүнө алып барып келип жүргөн OceanGate Expeditions компаниясынын кемеси 18-июнда сууга кирген соң 45 мүнөттөн кийин жок болуп кеткен.
"Биздин башкы директор Стоктон Раш, Шахзада Давуд, анын уулу Сулейман Давуд, Хамиш Хардинг жана Поль-Анри Наржеоле каза болуп калды деп эсептейбиз”, — деп айтылган билдирүүдө.
Бул маалыматты АКШнын Жээктеги куткаруу кызматынын өкүлү Жон Могер да тастыктаган. Анын айтымына караганда, кеме чөгүп кеткен жерден 200 метр аралыктагы сыныктар батискафтын "ичинен бир нерсе болуп жарылганын" далилдеп турат. Ал учурда кырсык болгон жерде суунун тереңине кирүүчү аппараттар маалымат чогултуу үчүн иштеп жатканын билдирген. Издөө операциясын жүргүзгөндөр суунун тереңдиги менен ал жердеги абалдын кыйындыгынан улам өлгөндөрдүн сөөктөрүнүн бөлүктөрүн таап чыгуу ыктымалдыгы өтө аз экенин айтышкан.
"Титаник" кемеси чөккөн жерди көрүүгө кеткендердин курамында британиялык миллиардер Хамиш Хардинг, суу алдындагы изилдөөлөрдүн ардагери, франциялык Поль-Анри Наржеоле, "Титаниктин" калдыктарын көрүү боюнча экскурсиялык экспедицияларды уюштурган америкалык компаниянын негиздөөчүсү Стоктон Раш жана пакистандык бизнесмен Шахзада Давуд менен анын уулу Сулейман Давуд болгон.
Алгач батискафтын ичиндеги кычкылтектин 96 саатка — суу алдына түшкөндөн тарта төрт суткага жетери айтылган. Адистер кийинчерээк кайсы бир шартта жүргүнчүлөр абанын запасын андан да узагыраак мөөнөткө жеткирсе болорун түшүндүрүшкөн. Жээктеги куткаруу кызматынын эсептөөлөрүнө караганда, аппараттагы кычкылтек бүгүн саат 17:08де түгөнүшү керек эле.