Пресс-борбор

Sputnik мобилографы: туура композиция тандоонун бир мыйзамы бар

Байтемированын айтымында, тарткан сүрөт же видео көрүүчүлөргө таасир калтыруусу үчүн кадрда эмоция камтылышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Смартфон менен кантип туура сүрөт, видео тартып монтаждоо керектигин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мобилографы Аяна Байтемирова айтып берди.
Ал SputnikPro долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда мастер-класс өткөрдү. Иш-чарага мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтын маалымат катчылары катышты.
"Мобилография жаңы кесиптердин катарына кирип, телефондун жардамы менен каражат табуучу ыкмага айланды. Видео же сүрөт сапаттуу чыгуусу үчүн телефонго тартып баштаардан мурда анын камерасын сүртүүнү адатка айлантуу зарыл. Анткени билинбегени менен телефондун камерасынын айнегинде чаң же колдун изи калып калышы мүмкүн", — деди Байтемирова.
Анын айтымында, кино дүйнөсүндө жана мобилографияда туура композиция боюнча бир гана мыйзам колдонулат. Ал "Үчтүк эрежеси" деп аталат.
"Аны жакшылап түшүнүү үчүн оюбузда экранды узунунан жана туурасынан үчкө бөлүп алабыз. Тор сызыктарынын кесилиши төрт чекитти түзөт. Сүрөт тартууда эң негизги объектини ошол чекиттерге тууралап алганда кадр кызыктуу, динамикалуу чыгат", — деди журналист.
Байтемированын айтымында, тарткан сүрөт же видео көрүүчүлөргө таасир калтыруусу үчүн кадрда эмоция камтылышы керек. Анткени бир адамдын күлүп койгонунда эле чоң маани камтылган болуусу ыктымал.
Ошондой эле интервью тартуу үчүн смартфонуңузда жетиштүү запастагы эс тутум болуусу зарыл. Сүйлөп жаткан кишинин сөзүнүн башын гана алып, калган маанилүү бөлүгүн тартпай калуу бул кесипкөй адистин иши эмес.
Байтемирова иш-чаранын жүрүшүндө видеолорду монтаждоо үчүн Google Play тиркемесинде акысыз монтаждоочу программалар бар экенин айтып, алардын ичинен CupCut, VN, inshot деп аталган тиркемелер ыңгайлуу экенин кошумчалады.
Пресс-борбор
Sputnik журналисти TikTok аккаунтту популярдуу кылуунун сырын айтып берди