БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Адамзат тарыхындагы эң ири согуштук операциялардын бири "Багратион" 1944-жылы 23-июнда башталган.
Sputnik Ближнее зарубежье бул тарыхый окуянын видеосун жарыялады.
Кызыл армиянын чабуулуна беларустук партизандар кошулган: алар кампаларды, жолдорду, көпүрөлөрдү жана байланыш түйүндөрүн талкалап, немецтердин тылын кудуретсиз кылып турушкан.
"Багратион" операциясынын жыйынтыгында Беларустун, Польшанын чыгышынын, Балтика боюндагы мамлекеттердин бир бөлүгү баскынчылардан тазаланып, "Борбор" деп аталган немец тобу толугу менен талкаланган. Вермахт оор жоготууга учурап, анын ордун кайра толтурууда Германияда күч калган эмес.
Советтик тараптан тылдагыларды кошпогондо 1 миллион 200 миң адам катышкан. Ал эми немецтердин "Борбор" тобунун курамында 486 миң аскер болгон. Кошумча күчтөр менен тылдагыларды чогулта келгенде саны 849 000ге чамалап барган. Мындан сырткары, салгылаштын экинчи этабында армиянын "Түштүк" бөлүгүнүн оң канаты, "Түндүк Украина" армиясынын сол канаты катышкан.