Бизден кошуна мамлекеттерге агып чыккан сууну товар катары кароодо Кыргызстан сууну саткысы келет деген туура эмес түшүнүк орноп алган. Мындай пикирин Рысбек Сатылканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Окумуштуунун айтымында, өлкө суу сатып эмес, аны топтоп берген кызматынын акысын сурашы керек.
"Кошуна мамлекеттерибиздин ар биринин өзүнүн жаратылыш байлыктары бар. Алар товар катары каралып эле наркы белгиленип келет. Бирок алар Кыргызстан табияттын байлыгы болгон сууну саткысы келет деген туура эмес түшүнүктөн арылгысы келбегендей. Биз кошуна мамлекеттер менен суу саясатын жүргүзөрдө суунун өзүн товар катары баалап эмес, аны топтоп берген кызматыбыздын акысын сурап жатканыбызды жеткиришибиз керек. Биз алар үчүн суу сактагычтарыбызга сууну чогултуп берип жатабыз", — деди Сатылканов.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда суу ресурстары 458 миллиард метр куб деп эсептелип жүрөт. Анын 85 пайызы мөңгүлөрдө сакталып турат. Агын суу менен дарыяларда жалпысынан 51-52 миллиард метр кубдун тегерегинде. Жылына мунун ичинен 39 миллиард метр куб суу коңшуларга кетип турат. Өзбекстан — 24-25 миллиард метр куб, Кытай — 7 миллиард метр куб, Казакстан — 4-5 миллиард метр куб жана Тажикстан 2 миллиард метр куб суу алат. Буларды биз Киров, Орто-Токой, Токтогул сыяктуу суу сактагычтарда топтоп берип турабыз.
Ал өлкө ичинде сууну рационалдуу пайдалануу менен айдоо аянттарында суу тартыштыгын алдын алса болорун кошумчалады.