Нарын облустук ооруканасы жаңы аппараттуу болду. Сүрөт

Медициналык жаңы жабдуунун линиялык томографияны жүргүзүүгө мүмкүндүк берерин да айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Нарын облустук бириктирилген ооруканасына көп функционалдуу рентген аппараты алынды. Бул туурасында аталган медициналык жайга таянып аймактык кабарчы билдирди.
1 / 3

Нарын облустук бириктирилген ооруканасына көп функционалдуу рентген аппараты алынды

2 / 3

Италиялык Levia Triple үлгүсүндөгү стационардык рентген аппараты бешиктин ичинде жалпак панелдүү детектору бар толук санариптик система

3 / 3

Ал бардык флюороскопиялык жана радиографиялык процедураларды, ошондой эле түз нурланууну талап кылган бардык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

"Италиялык Levia Triple үлгүсүндөгү стационардык рентген аппараты бешиктин ичинде жалпак панелдүү детектору бар толук санариптик система. Ал бардык флюороскопиялык жана радиографиялык процедураларды, ошондой эле түз нурланууну талап кылган бардык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылган маалыматта.
Детекторго Wi-Fi системасы орнотулган. Көп функционалдуу рентген аппараты Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун алкагында алынган.
"Бул заманбап аппарат рентгендик изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүн, анын ичинде линиялык томографияны жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтышты аталган ооруканадан.
Мындан сырткары, рентген зыяндуу нурларынан коргоочу системалары начарлаган эски рентген кабинети толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнүн кошумчалашты. Маалыматта оңдоо иштери оорукананын бюджетиндеги үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен жасалганы айтылды.
Эл эми Бишкекке каттабайт. Нарында компьютердик томография ишке берилди