БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Энергетика министрлиги смартфону жок пенсионерлерге телефон сатып берүү мүмкүнчүлүгүн караштырат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев парламентте билдирди.
Буга чейин энергетиктер Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында электр энергиясына электрондук квитанциялар киргизилерин кабарлаган. Абоненттер "Мой свет" тиркемесин жүктөп алуусу керек. Бул кагаз дүмүрчөктөрдү кыскартуу жана жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жасалууда.
Кечээ парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев телефону баскычтуу болгон адамдар (мисалы, пенсионерлер) эмне кылышы керектигине кызыгып, министрлик аларга смартфон сатып берип, колдонууну үйрөтүүгө даярбы деп сурады. Байгазиев ведомство маселени карап көрөрүн билдирди, анын баамында, "мындай абоненттердин саны аз".
Бекешев контролерлорго смартфон сатып алууга акчасы жок адамдарга бийлик телефон алып берерин айтып, түшүндүрүшү керектигин белгиледи.