Литванын соту Россияга тыңчылык кылды деп айыпталган Палецкисти абакта калтырды

Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Литванын Жогорку соту Россиянын пайдасына тыңчылык кылды деп айыпталып жаткан Альгирдас Палецкисти абакта калтыруу өкүмүн чыгарды.
Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы маалымат таратты.
"Сот мурдагы өкүмдү "тыңчылык" деген беренеден "чет элдик атайын кызматтарды кызыктырган маалыматтарды чогултуу ниетине" гана "классификациялады" жана эркинен ажыратуу мөөнөтүн бир аз мөөнөткө — алты жылдан беш жарым жылга кыскартты. Палецкис буга чейин 2,5 жыл отурду", — деп айтылат маалыматта.
Канал өкүм акыркы чечим экенин жана даттанууга жатпастыгын билдирди.
Латвия бийлигине жакпаган журналисттердин соту эми жайында, күзүндө болот