Бишкекте кызды зордуктоого аракет кылды деп мурунку аткаминер кармалды

Кармалган кишинин буга чейин министрликтердин биринде иштегени маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкекте автоунаа ичинен кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалганын Свердлов РИИБи билдирди.
Эркек киши ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмыш иши козголду.
ЖМКлар 30 жаштагы шектүү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биологиялык ресурстар башкармалыгында иштей турганын жазышкан, бирок аталган ведомствонун маалымат кызматы анын апрелде кызматтан бошоп кеткенин билдирди.
Интернет айдыңында кызды автоунаа ичинен зордуктоого аракет кылган кишинин видеосу тараган. Окуя 15-июнга караган түнү Ибраимов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Карындашына асылган кишини атып салган адамга өкүм чыкты