Пресс-борбор

TikTok жана мобилография. Маалымат катчыларга өтүлгөн мастер-класстан ирмемдер

Бишкекте Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисттери социалдык түйүндөр аркылуу маалыматтарды эффективдүү чагылдыруу боюнча мастер-класс уюштурду.
Sputnik
Иш-чара кандай өткөнүн сүрөт түрмөктөн көрүңүз.
Мастер-класска министрликтердин жана мамлекеттик кызматтардын маалымат катчылары келип катышты.
SputnikPro долбоорунун алкагында агенттиктин журналисти Гүлдана Талантбекова TikTok аккаунтту популярдуу кылуунун сырларын айтып берсе, мобилограф Аяна Байтемирова телефонго видео жана сүрөт тартууда туура композиция тандоо жолдорун көрсөтүп берди.
1 / 11

Маморгандардын маалымат катчыларына TikTok аккаунтту популярдуу кылуунун сырлары айтылды

2 / 11

SputnikPro иш-чарасын бул ирет Sputnik журналисти Гүлдана Талантбекова өттү

3 / 11

Ал биринчи кезекте TikTok киргизген эрежелерди сактоо керектигин билдирди

4 / 11

Каналга жүктөлчү видеолор кыска, кызыктуу, эксклюзивдүү болушу керек

5 / 11

Ошондой эле Sputnik мобилографы Аяна Байтемирова смартфондун жардамы менен сапаттуу сүрөт, видео тартууну көрсөтүп берди

6 / 11

Маалымат катчылар кызыгуу менен угуп отурду

7 / 11

TikTok баракчаны иштетүүдө кандай катачылыктарды кетирип жатышканын сурашты

8 / 11

Иш-чара Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда уюштурулду

9 / 11

Басма сөз катчылары керектүү маалыматтарды жазып алды

10 / 11

Алар TikTok аккаунттарды иштетүүгө кызыкдар экенин билдиришти

11 / 11

SputnikPro долбоорунда ар тармактын адистери тажрыйбалары менен бөлүшүп келет

Тема боюнча:
Кыргызстанда маалымат катчыларга TikTok боюнча мастер-класс өтүлдү. Видео