БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө МИ-17 тик учагы өткөрүп берилди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Тик учак КРдин Коргоо министрлиги менен россиялык "Рособоронэкспорт" АКнын ортосундагы келишимдин негизинде сатып алынды.
Коргоо министри Бакытбек Бекболотов техниканы тапшыруу аземинде көп максаттуу тик учак Куралдуу күчтөрдүн коюлган тапшырмаларды аткаруудагы мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жогорулата турганын белгиледи.
Тик учак ИЛ-76 учагы менен жеткирилди. Аны коштоп келген адистер бул жактан чогултуп, учкучтар сыноодон өткөрүп беришти.
Аба техникасын сатып алуу үчүн бюджеттен каражат бөлүнгөн.