УКМК: прокуратура кызматкери 20 миң доллар алып жаткан учурда кармалды

Шектүү арызданган тараптан 50 миң доллар опузалап талап кылгандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Чүй облустук прокуратурасынын башкы адиси 20 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды. Маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, арыздануучу тарапка буга чейин текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Прокуратура кызматкери бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен ага кылмыш ишин козгобоо үчүн андан 50 миң доллар талап кылган.
Шектүүнү кармоо иштерин УКМК Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы менен биргеликте жүргүздү.
Коррупциялык схема түзүп, өлкөдөн чыгып бараткан чиновниктер кармалды