Радио

Сарыбаев: дүйнөлүк экономикалык кризис качан токтоору түйшөлтүүдө

Экономика жана финансы институтунун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев дүйнөдө экологиялык, саясий, экономикалык ири кризис жүрүп, анын жыйынтыгы оор болорун болжоду.
Sputnik
Экономикада ири масштабдагы өзгөрүүлөр болууда. Эл аралык мамилелер, саясий-экономикалык маселелер эми кайсы региондо чечилери аныкталат. Мында жалпы Азиянын, анын ичинде Борбор Азиянын орду да орчундуу. Бул тууралуу Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, геосаясий абал олку-солку болуп өзгөрүп жаткан маалда Кыргызстан ага туруштук берип, кайсы өлкөлөр менен кызматташып алака курарын аныкташы зарыл.
"21-кылым экономикада ири масштабдагы өзгөрүүлөр менен башталды. Бул тарых үчүн тагдыр чечүүчү маанилүү кадам болот. Эл аралык мамилелер, саясий-экономикалык маселелер эми кайсы региондо чечилери аныкталат. Мында жалпы Азиянын, анын ичинде Борбор Азиянын орду да орчундуу. Андыктан геосасий абал олку-солку болуп өзгөрүп жаткан маалда Кыргызстан ага туруштук берип, кайсы өлкөлөр менен кызматташып алака курарыбызды аныкташыбыз зарыл. Дүйнөдө экологиялык, саясий, экономикалык ири кризис жүрүп жатканда ички биримдик маанилүү. Бирок бул кризис качан токтоору көбүн түйшөлтүп жатат", — деди Сарыбаев.
Ошондой эле адис АКШнын аскердик бюджети 900 миллиард долларды түзүп, дүйнөдөгү бардык конфликтилерди уюштурууга, катышууга кызыкдар экендигин кошумчалады.