Эдил Байсаловго мамлекеттик кеңешчинин класстык чени ыйгарылды

Буга чейин Жогорку Кеңеш президентке Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу сунушун жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени ыйгарылды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Күбөлүктү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды. Маалыматка караганда, тийиштүү жарлыкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүн майрамдоого байланыштуу кол коюлган.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеш президентке Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу сунушун жөнөткөн.
Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы пикир келишпестик өкмөт мүчөсүнүн парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынындагы сөзүнөн кийин башталган. Ал "парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү мүнөздө гана экенин" айтып, депутаттарды сындаган болчу.
Байсалов мазактасын деп шайландык беле? Депутаттар чара көрүүнү талап кылууда