БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Быйыл Wildberries аркылуу кыргыз товарларынын экспорту төрт эсе өстү. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров E-COMKG 2023 деп аталган эл аралык форумда сүйлөп жатканда айтты.
Бул — маркетплейстеги бизнеске арналган туңгуч конференция.
Төрага электрондук коммерциянын дүйнөлүк рыногу тездик менен өсүп жатканын белгиледи.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
"Аналитиктердин айтымында, 2025-жылга карата электрондук коммерциянын чекене сатуусунун көлөмү дүйнөдө 7,3 трлн. долларды түзөт, азыр 4,9 триллионду түзүп, өсүш 30 пайыздан ашты", — деди ал.
Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү бизнести өнүктүрүүдө, жаңы жумуш орундарын түзүүдө жана өлкөнүн социалдык жактан өнүгүүсүндө зор потенциалга ээ экендигин белгиледи.
"Кыргызстан аркылуу өткөн, Чыгыш менен Батышты байланыштырган Улуу Жибек жолу соода жолу гана эмес, ар түрдүү элдердин маданиятын, билимин, идеяларын алмашуунун каражаты болгон. Бүгүн санариптик революциянын доорунда биз улуу Жибек Жолунун кайра жаралышына күбө болуп жатабыз, бирок жаңы формада – электрондук коммерция аркылуу. Маркетплейстер – жаңы санарип кербендери!" — деген Жапаров.
Өкмөт башчысы Wildberries ("Вайлдберриз") жана Ozon ("Озон") сыяктуу маркетплейстердин келиши Кыргызстандын кийим тигүүчү өнөр жайынын өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизгендигин белгилеген.
"2023-жылдын төрт айында эле Wildberries платформасы аркылуу экспорт 1,2 млрд. рублди түздү. Ал эми 2022-жылы бүтүндөй 509 миллион рублди түзгөн болчу, кеминде төрт эсеге өстү. Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылы электрондук коммерция рыногунун кирешеси 490 миллион долларга жетти", — деген министрлер кабинетинин башчысы.
Ал аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү өкмөттү өзгөчө кубандырып турганын белгилеген .
"Өз продукциясын интернет-аянтчалар жана социалдык тармактар аркылуу сатуу мүмкүнчүлүгү аларга көбүрөөк көз карандысыздыкты, үйдөн чыкпастан өзүн көрсөтүү жана финансылык туруктуулукка жетишүү мүмкүнчүлүгүн берет", — деген Жапаров.
Жыйынтыгында ал Кыргызстан трансулуттук хабдарды, бажы кампаларын жана логистикалык инфраструктураны түзүү аркылуу транзиттик потенциалды өнүктүрүүнү жактай турганын белгилеген.
"Өкмөт өлкөнү аймактык жеткирүү чынжырына кошуу боюнча иштеп жатат. Кыргызстан азыртан эле "Бир алкак — бир жол" долбооруна активдүү катышууда. Бул — Кытайдан Европага жүк ташууну жеңилдеткен масштабдуу демилге", — деген министрлер кабинетинин төрагасы.