Баткендеги кагылышта жабыркаган ишкерлердин кредити жоюлду

Мыйзам май айынын соңунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, бүгүн президент Садыр Жапаров кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги кыргыз-тажик кагылышуусунда жабыркаган баткендик ишкерлерге берилген бюджеттик кредит жоюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан май айынын соңунда кабыл алынып, бүгүн президент Садыр Жапаров кол койду. Мындай чара ишкерлерди колдоо максатында көрүлдү. Жоюлган кредиттин суммасы 15 миллион сомду түздү.
Мыйзамда чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъектилеринин бюджеттик кредиттер боюнча берилген карыздары, анын ичинде бул мыйзам күчүнө кирген учурга карата болгон карыздын негизги суммасын, пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана финансылык санкцияларды эсептен чыгаруу каралган.
2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, дүкөндөр, дарыканалар жана башка объектилер жабыркаган.
Акылбек Жапаров Баткендеги үйлөрдүн сапатын текшерди. Сүрөт