Ишкерлик каныңарда бар экен! Wildberries негиздөөчүсү кыргызстандыктар тууралуу

Борбор калаада электрондук соода боюнча E-COMKG 2023 эл аралык форуму өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Электрондук соода Кыргызстанга келгенине аз эле болгонуна карабай, кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарлары биздин жана башка соода аянтчаларында жакшы позицияны ээлейт. Бул туурасында Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук айтты.
Эске салсак, ал электрондук соода боюнча Бишкекте өтүп жаткан E-COMKG 2023 эл аралык форумуна катышууда.
"Электрондук соода Кыргызстанга келгенине аз эле болгонуна карабай, кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарлары биздин жана башка соода аянтчаларында жакшы позицияны ээлейт. Силер биз менен чогуу өсүп келе жатасыңар. Быйыл өндүрүүчүлөрдүн экспорту өткөн жылга салыштырмалуу эки эседен ашык болууда. Бул силердин биздин рынокто өз ордуңарды тапканга умтулуп жатканыңардан кабар берет. Ишкерлик каныңарда бар экен. Жөнөкөй адамдан баштап өкмөт башчыңарга чейин умтулууңарды байкадым. Сиздерге гүлдөп-өнүгүү каалайм", — деди Бакальчук.
Ал кечээ министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолукканда Чүй облусунун аймагына ири логистикалык борбор курууга кызыкдар экенин билдирген.
2022-жылдын жыйынтыгы менен алганда, Wildberries маркетплейсинде 8 миңге чукул кыргызстандык соода кылат.
ЕАЭБде электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн эмне жасалууда? ЕЭК министринин жообу