Радио

Экономист өлкөдөгү баалардын өсүп жаткан себептерин санады

Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров өлкөдө баалардын өсүп жатышынын себептерин санап берди.
Sputnik
Баа бир нече себептен улам өсүүдө. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Адистин айтымында, анын көпчүлүгү өкмөттүн аракетинен көз каранды эмес.
"Жылдын башында мамлекет көзөмөл кылууга аракет кылып жаткан. Маселен, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы базарларды, соода түйүндөрүн кыдырып, эскертүүлөрдү берди. Анткен менен электр энергиясына болгон тарифтин көтөрүлүшү кайсы бир деңгээлде бааны калыптанышына терс таасирин тийгизүүдө. Мындан тышкары, күйүүчү майга болгон баанын өсүшү дагы кымбатчылыкты шарттады. Ошондой эле соңку дүйнөлүк геосаясий, геоэкономикалык абал дагы таасир этип жатат. Буга кошумча, өлкөнүн өндүрүш потенциалынын начар болуп, импорттон көз карандылык күч. Натыйжада башка өлкөлөрдө баанын өсүшү Кыргызстандагы нарктын калыптанышына кедергисин тийгизүүдө. Мындан тышкары, валюталардын түшүп-көтөрүлүүсү товар баасынын калыптануусуна терс таасирин тийгизип жатат", — деди Абдыров.
Ошондой эле ал өндүрүш күчтүү болгон өлкөдө гана бааны көзөмөл кылууга мүмкүндүк бар экенин кошумчалады.