БИШКЕК, 22-Июн. — Sputnik. 17 жаштагы Нурсейит Төрөбаев Жалпы республикалык тестирлөөдөн 236 балл алып, Кыргызстан боюнча эң алдыңкы орунду ээледи. Эми ага өлкөдөгү каалаган университеттин эшиги ачык. Төрөбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде инженер-электрик кесибин аркалагысы келерин билдирди.
"Ата-энем менин күндөлүгүмдү күндө деле текшерчү эмес. Өзүм жакшы окуп, каалаган окуу жайга бюджетке тапшыруу кыялым күчтүү болду. Жалпысынан ЖРТга эки ай гана даярдандым, бирок биздин мектеп башынан эле жакшы окутат", — деди жигит.
Нурсейиттин айтымында, ЖРТны ийгиликтүү тапшыруу үчүн алдын ала өткөрүлчү сынамык тесттерди да калтырбай тапшыруу кажет. Себеби канчалык көп тапшырган сайын абитуриенттин чыдамкайлыгы артып, моралдык жактан даяр болот.
Эске салсак, Нурсейит Төрөбаев — Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү.