БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргыз өндүрүшүнүн товарлары Wildberries маркетплейсинде өзгөчө орунду ээлейт. Бул тууралуу аталган электрондук дүкөндүн негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууда билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн келечегин жана Wildberries базарынын алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Буга катар эл аралык сооданы, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында өнүктүрүү үчүн салык жана бажы системаларын шайкеш келтирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Жапаровдун айтымында, министрлер кабинети чакан бизнести өнүктүрүү үчүн бардык күчтү жумшоодо. Анын алкагында улуттук почта оператору "Кыргыз почтасы" менен кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды.
Өз кезегинде Татьяна Бакальчук Кыргызстандагы жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнө жогору баа берип, "кыргыз өндүрүшүнүн товарлары Wildberries маркетплейсинде өзгөчө орунду ээлегендигин" белгиледи.
"Кыргызстандын өкмөтү чакан бизнести өнүктүрүү үчүн абдан жагымдуу шарттарды түзүп жатат, бул жеңил өнөр жайынын уникалдуу кластери. Айрыкча үйдө отурган кыз-келиндер тигүүчүлүктү гана үйрөнбөстөн, жасаган буюмдарын сатып, сооданы дагы үйрөнгөнү кубандырат. Бул абдан чоң иш", — деди Бакальчук.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Мындан тышкары, тараптар инвестициялык долбоорлорду талкуулашты, тактап айтканда, компания Чүй облусунун аймагына ири логистикалык борбор курууга кызыкдар экенин билдирди.
Өкмөт башчы "мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эшиги инвесторлор үчүн 24/7 ачык" экенин белгилеп, президенттин Чүй облусундагы өкүлүнө "логистикалык борборду куруу боюнча бир нече варианттарды сунуштоону" тапшырды.
Белгилей кетсек, "Вайлдберриз" компаниясынын негиздөөчүсү Кыргызстанга 23-июнда Бишкекте өтө турган Электрондук сооданы өнүктүрүү форумуна катышуу үчүн келген.