БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Украина жаңжалын создуктуруп жаткан АКШ өлкөнү калыбына келтирүүгө кеткен чыгымды көтөрүшү керек. Бул тууралуу Россиянын Америкадагы элчиси Анатолий Антонов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украинанын азыркыдай абалга кептелишинин жоопкерчилиги толугу менен АКШда. Демек, өлкөнү да Америка калыбына келтириши керек", — деп айтылат дипломаттын комментарийинде.
Антонов "украин чыры — АКШнын Россияга жакын жерде абалды курчутуу үчүн, Украинаны "антиРоссияга" айландыруу үчүн жасаган көп жылдан берки аракети" экенин белгиледи. Ал Америка азыр отко май чачып, "Киевди кубаттуу курал-жарак менен жабдып, тынчтыкка келчү демилгелердин баарын жок кылып жатканына" токтолгон.
"Америкалык куралдын жардамы менен жок болгон там-ташты калыбына келтирүүгө болот, ал эми бейкүнөө кеткен адамдардын өмүрү үчүн Вашингтон кантип жооп берет? Контрчабуул деп украиналыктарды кандуу кагылышууга айдап жатышат, алар үчүн кантип жооп берет? Өзгөчө америкалыктардын жеңил ойлуулук менен акча чачканы таң калтырып жатат. Пентагон Киевге жеткирилип жаткан аскер продукциясынын наркын ашкере баалап жиберди, сумма бир нече миллиард долларды чапчышы мүмкүн", — деди Антонов.
Анын айтымында, Киев режими үчүн курал-жарак сатып алууга болуп көрбөгөндөй акча жумшалып, мунун айынан Африканын, Латын Америкасы, Азиянын жакыр өлкөлөрү көз жаздымда калып жатат.
"Дүйнөдө ачкачылыктан жок болуп бараткан аймактар бар. Ал эми АКШ тирешүүгө кийлигишип, кан төгүүнү создуктуруп, үчүнчү дүйнөлүк согушту шарттап жатат", — деди дипломат.