Wildberries негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук тууралуу эмне белгилүү

Wildberries башкы директору Татьяна Бакальчук Кыргызстанга электрондук коммерцияны илгерилетүү боюнча форумга катышуу үчүн келди. Иш-чара 23-июнда өтөт. Бакальчук министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолуккан.
Sputnik
Кыргыз өндүрүшүнүн товарлары Wildberries маркетплейсинде өзгөчө орунду ээлегендигин айткан ишкер айым компания Чүй облусунда ири логистикалык борбор курууга кызыкдар экенин да белгиледи.
Бакальчук тууралуу айтып берүүнү туура көрдүк.
Татьяна Бакальчук 1975-жылы 16-октябрда Москванын жака-белиндеги Газопровод поселогунда корей бүлөсүндө туулган. 1997-жылы Коломенское педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
англис тилинен сабак берип, репетитор болуп иштеген;
2004 — Wildberries интернет-дүкөнүн түптөгөн;
2021 — "Стандарт-Кредит" банкынын (бүгүн"Вайлдберриз банк") ээси.
Үй-бүлөсү
Күйөөсү Владислав Бакальчук Москва облусунда 1977-жылы туулган. 1990-жылдардын соңунда ишкерликке өтүп, компьютер сатып иштеген. 25 жашында UTech интернет-провайдерин түзүп, Татьянага үйлөнгөн соң Wildberries маркетплейсин түптөшкөн. Жубайлардын жети баласы бар. Алар гимназияда окуп, музыка менен алектенишет, кыздарынын бири скрипкада ойнойт.
Forbes рейтинги боюнча, Бакальчуктар 2021-жылы Россиядагы эң бай үй-бүлө деп табылган.
Wildberries негиздөөчүсү: КР товарлары маркетплейсте өзгөчө орунду ээледи