ТИМ: Париждеги жарылуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кечээ Париждин Сен-Жак көчөсүндө жайгашкан Америкалык академиянын имаратында жарылуу болгон. Алгач 16 кишинин көз жумганы айтылса, алардын саны акыркы сааттарда 37ге жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Франциянын борбору Париж шаарындагы 37 адамдын өмүрүн алган жарылуудан кырсыктагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Кыргызстандын Франциядагы элчилигинен азыркы мезгилге алынган маалыматтарга таянсак, аталган окуядан каза тапкан, жаракат алгандардын ичинде Кыргызстандын жарандары жок. Бул окуя КР ТИМинин көзөмөлүндө турат", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, кечээ Париждин Сен-Жак көчөсүндө жайгашкан Америкалык академиянын имаратында жарылуу болгон. Алгач 16 кишинин көз жумганы айтылса, алардын саны акыркы сааттарда 37ге жеткен. Алардан сырткары, төрт адамдын абалы оор экенин айтышты. ЖМКлар урандылардын алдынан адамдардын сөөгү чыгышы ыктымалдыгын жазды. Азырынча окуянын себеби айтыла элек.
Дубайда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып 16 адам каза болду