БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Республикада паллиативдик жардамдын деңгээлин жогорулатуу зарыл. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Москвадагы Марфо-Мариинский атындагы "Милосердие" медициналык борборунун башкы дарыгери Ксения Коваленок айтты.
Эске салсак, Бишкекте "Миссия Добро" долбоору ишке ашырылып жатат. Анын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүүгө Россиядан адистешкен дарыгерлер келген.
"Айыкпас ооруга чалдыккан балдардын ата-энелери зарыл болгон жардамды алуу үчүн чет өлкөгө кетүүгө аргасыз экен. Анткени өлкөдө мындай кызматтар аз. Россияда дагы дароо эле пайда болуп калган эмес, ал үчүн биз он жылдап иштедик. Мамлекетти күтпөй ата-энелер, бейөкмөт уюмдар тарабынан демилгеленип, мамлекет менен бирге ишке ашырса болот", — деди Коваленок.
Анын айтымында, азыр Россияда дагы паллиативдик дарыгер деген адистик жок, бирок медиктер бул багытта квалификациясын жогорулата алышат.
"Эч кандай түшүнүк жок кезде оорулуу балдар менен иштөө абдан татаал, бирок рычагдарын таап алган соң кадимкидей айыккыс ооруга чалдыккан балага жардам бергиң келип калат", — деди адис.
Паллиативдик жардамдын максаты оор же өмүрүнө коркунуч жаралган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.