Манаста өзгөчө кооздолгон ат жабууну "үртүк" деп колдонгон учурлар кездешет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөз менен негизи эле ат жабууну айтса болот.
"Күнүмдүк турмушта "үртүк" деген көөнө сөздү колдонууга болот. Манастагы: "Үртүгүн торко жаптырган, аттарынын мойнуна, алтындан тумар тактырган. Кандагайга каптаган, кара боюн капыр ай,
казат үчүн сактаган" деген саптардан "үртүк" ат жабуунун кооздолуп жасалган түрү экенин түшүнсөк болот. Негизинен алганда жалпы эле ат жабуу "үртүк" деп айтылган учурлар дагы кездешет. Учурда аламан улак сыяктуу спорттук оюндарда гана ат жабуу деп жабылып жүрөт. Анын ордуна үртүк деп колдонсок болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу менен тилдин көркөмдүгүн арттырууга болорун кошумчалады.