Радио

Бишкекте Кең Алтай долбоорунун илимий борбору ачылды

Улуттук университеттин чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Жамыйкат Омурова алтайтаануу жана кыргызтаануу Кең Алтай илимий борборунун филиалы Жусуп Баласагын атындагы КУУда ачылганын айтты.
Sputnik
Кең Алтай долбооруна катышкан окумуштуулар орто кылым жана жаңы мезгилди терең изилдеп жатышат. Бул тууралуу Жамыйкат Омурова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын 8-июнунда Кең Алтай долбоорунун алкагында Жусуп Баласагын атындагы КУУда Алтайдан келген окумуштуулардын катышуусунда илимий конференция болуп өттү.
"Кең Алтай жана түрк дүйнөсү азыркы мезгилдеги жана тарыхтагы биримдиги, көп түрдүүлүгү" долбоорунун алкагында Бишкекте 8-июнда илимий конференция болуп өттү. Ага Алтай мамлекеттик университетинин этнограф, тарыхчылары келишти. Алар бул сапарында Кыргызстандын аймагындагы археологиялык жайларды, эстеликтерди көрүп, таанышып кетишет. Балким чоң-чоң ачылыштар болуп калышы да ыктымал. Ошондой эле бул иш-чарада алтайтаануу жана кыргызтаануу Кең Алтай илимий борборунун филиалы Жусуп Баласагын атындагы КУУда ачылды. Эми биз бул борбор аркылуу бир эле биздин университет же Илимдер академиясы эмес, аймактагы жогорку окуу жайлар менен да кызматташып, аларды долбоорго тарталы деп турабыз. Кийинки окуу жылдан бул кадамдар башталат", — деди Омурова.
Ал долбоор кийинки жылдан тарта кыргыздардын Россияга кошулушу жана Советтер Союзу доорлору изилденерин кошумчалады.