Радио

Кырбашева: ири сууларга майда ГЭСтер курулбашы керек

Жашыл электростанциялар ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева ири дарыяларга кичи гидроэлектр станцияларын курууда суунун нугу бузулуп, экологиялык зыян келерин айтты.
Sputnik
ГЭС курууда суунун потенциалын максималдуу колдонуп, аны сактоодо, иштетүүдө туура саясат жүргүзүү зарыл. Анткени жакынкы он жылдыкта суу тартыштыгы орчундуу көйгөйгө айлана баштайт. Бул тууралуу Кундус Кырбашева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, күн электр станцияларын курууда экологиялык экспертизага өзгөчө көңүл буруп, жаратылышка зыян келтирбегендей болушу зарыл.
"Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жогору. Бирок аны туура колдонбосок жыйынтыгы жакшы болбойт. Биз дайыма бул багытта эл аралык илимий изилдөөлөрдү карап, талдап турабыз. Мисалы, суу товар катары колдонулуп, өзүнчө саясат жүрөт. ГЭС курууда суунун потенциалын максималдуу колдонуп, аны сактоодо, иштетүүдө туура саясат жүргүзүү зарыл. Анткени жакынкы он жылдыкта суу тартыштыгы орчундуу көйгөйгө айлана баштайт. Ири дарыяларга кичи гидроэлектростанцияларды куруу менен суунун нугун бузуп, экологиялык зыян алып келебиз. Мындан тышкары, күн электр станцияларын курууда экологиялык экспертизага өзгөчө көңүл буруп, жаратылышка зыян келтирбегендей болушу зарыл", — деди Кырбашева.
Ошондой эле адис күн, шамал электр станцияларын куруу энергетикалык коопсуздукту камсыздоого өбөлгө болорун кошумчалады.