Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Столтенберг Украина контрчабуулунун жай жүрүп жаткан себебин түшүндүрдү

РФ президенти Владимир Путин Украина контрчабуулга өткөнүн, бирок бир да жерде ийгиликке жетпегенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украина аскер күчтөрүнө контрчабуул үчүн жер шартынын оордугу жана россиялык армиянын коргонуусунун күчтүүлүгү тоскоол болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бир нече айлык окуудан кийин Украина кайрадан күчтөнгөнүн көрүп жатабыз. Бирок жердин шарты оор болуп жатат, ал эми Россия армиясынын коргонуусу абдан күчтүү, буга кошумча, талаалардын миналанышы жана танкага каршы тосмолор кыйынчылык жаратууда. Алдыга жылуу өтө оор", — деген Столтенберг Tagesspiegel басылмасына маек куруп жатып.
Башкы катчынын айтымында, альянс мындан ары да Украинага колдоо көрсөтүүсүн уланта бериши керек.
Украинанын Запорожье фронтунун Түштүк Донецк, Орехово, Васильев жана Артемовск багытындагы чабуулу 4-июнда башталган. Анткен менен негизги сокку Запорожье фронтуна урулган болчу. РФ президенти Владимир Путин Украина контрчабуулга өткөнүн, бирок бир да жерде ийгиликке жетпегенин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эң жаман сценарий ишке ашууда. Украинанын контрчабуулу эмнени көрсөттү?