Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украина чоң жоготууга учурагандыктан фронтто "тынчтык" өкүм сүрүүдө

Жарактан чыккан техниканын арасында франциялык жана америкалык сооттолгон машиналар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Фронтто "тынчтык" өкүм сүрүп калды. Себеби Украинанын жоокерлери да, техникасы да олуттуу жоготууга учурады. Бул тууралуу президент Владимир Путин "Россия 24" эфиринде Павел Зарубинге берген интервьюсунда айтканын РИА Новости жазды.
"Бүгүн түнү алар олуттуу жоготууларга учурады. Биздин эркектер каршылаштын 245 танкасы менен түрдүү типтеги 678 ок өтпөс машинасын жок кылды", — деди ал.
Мамлекет башчысынын айтымында, жарактан чыккан техниканын арасында франциялык жана америкалык сооттолгон машиналар бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын учкучсуз учагы Донецкидеги көп кабаттуу үйгө урунду. Видео