Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ армиясынын подполковниги Украина эки шаарынан кол жууй турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүн жок кылгандан кийин Россия армиясы Одесса менен Харьковду бошотот. Мындай пикири менен АКШ армиясынын подколковниги Дэниел Дэвис Judging Freedom YouTube каналынын эфиринде бөлүштү.
"Украинанын чабуул жасап жаткан бөлүктөрүн жок кылгандан кийин орустар контрсокку урат, Украинанын аны токтотууга күчү жетпейт. Ошентип Харьковдон же Одессадан, керек болсо эки шаардан тең кол жуушу мүмкүн", — деди ал.
Дэвис Батыш мамлекеттеринин аскердик даярдыгы украиналыктарга ийгиликтүү контрчабуул жасоого эч кандай жардам бербегенин, Киев кетирген катасын улам кайталап жатканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Украинаны демилитаризациялоо тапшырмасы аткарылды