Эсеп палатасы: максатсыз пайдаланылган акчаны өндүрүү — тынымсыз процесс

Былтыр мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 1 миллиард 662 миллион сомдук мыйзам бузуу аныкталып, анын 32 пайызы өндүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Мамлекеттик органдардын максатсыз пайдаланган акчасын өндүрүү — тынымсыз процесс, каражатты ордуна коюуга мыйзам бузуу аныкталгандан баштап бир айлык мөөнөт берилет. Бул тууралуу Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.
Эсеп палатасы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берди. Суроону депутат Мейкинбек Абдалиев узаткан. Ал мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 1 миллиард 662 миллион сомдук мыйзам бузуу аныкталганын, анын 32 пайызы гана өндүрүлгөнүн белгилеп, калган сумманын калыбына келер-келбесине кызыкты.
Акматовдун айтымында, айрым министрликтер менен ведомстволордун отчеттору 2023-жылдын башында каралган.
"Акчаны өндүрүү — токтобогон процесс. Четинен өндүрүлө берет. Такыр өндүрүлбөгүнүн укуктук жагын карап көрүүгө Башкы прокуратурага тапшырабыз. Бирок негизи каржылык мыйзам бузуудагы акчанын 100 пайызы өнбөйт. Кээ бир жерде процедуралар эле бузулуп калат. Кайталанбасын деген жазма буйрук менен эскертүү беребиз", — деди ал.
Акматов иш Башкы прокуратурага өткүчө Эсеп палатасынын аудиторлору тарабынан көзөмөлдөнөрүн кошумчалады.
Бир катар суроо-жооптон кийин Жогорку Кеңеш Эсеп палатасынын отчетун кабыл алды.
Эсеп палатасы бюджеттик органдар 46 млрд. сомду туура эмес колдонгонун аныктады