Кытай ТИМи Си Цзиньпинди диктатор деген Байденге жооп берди

АКШ президенти Жо Байден
Байден АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайга барып кетери менен Си Цзиньпинди диктатор деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ президенти Жо Байдендин КЭР төрагасы Си Цзиньпинди диктатор деп атаган сөзүнө жооп кайтарганын РИА Новости жазды.
Эске салсак, Байден мындай билдирүүнү эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну басаңдатуу үчүн АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайга барып кетери менен жасаган.
Көп өтпөй Кытай ТИМи Америка тараптын билдирүүсү дипломатиялык этикетти бузуп, ачык саясий чагымчылык жасалганын белгиледи.
Байден удивил публику неуместной фразой на саммите по оружию — видео
Байдендин курал боюнча саммиттеги сөзү элди кайрадан таң калтырды. Видео