Кыргызстанга жол техникасынын биринчи партиясы келди. Сүрөт

Жыл соңуна чейин 855 чакырым жол оңдоо каралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол техникасынын 84 бирдиги берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол техникасынын 84 бирдиги берилди

2 / 5

Бардыгы болуп 669 техника каралган, анын ичинде самосвал, автогрейдер, суу жана битум ташыган транспорт, бульдозер, экскаватор, бензовоз, асфальт төшөгөн транспорт жана башкалар бар. Калган техника да жакын арада келери айтылды

3 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев техника тапшыруу аземинде Транспорт министрлигинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн өлкө башчынын тапшырмасы менен бюджеттен акча бөлүнгөнүн билдирди

4 / 5

Анын айтымында, быйыл жол долбоорлорун ишке ашыруу үчүн бюджеттен 6 миллиард сомдон ашуун каражат каралган

5 / 5

Жыл соңуна чейин 855 чакырым жолду оңдоп-түзөө пландалууда, анын 587 чакырымына асфальт төшөлсө, 178и бодурлоодон өтүп, 90 чакырымына шагыл төгүлөт.

Бардыгы болуп 669 техника каралган, анын ичинде самосвал, автогрейдер, суу жана битум ташыган транспорт, бульдозер, экскаватор, бензовоз, асфальт төшөгөн транспорт жана башкалар бар. Калган техника да жакын арада келери айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев техника тапшыруу аземинде Транспорт министрлигинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн өлкө башчынын тапшырмасы менен бюджеттен акча бөлүнгөнүн билдирди. Анын айтымында, быйыл жол долбоорлорун ишке ашыруу үчүн бюджеттен 6 миллиард сомдон ашуун каражат каралган.
Жыл соңуна чейин 855 чакырым жолду оңдоп-түзөө пландалууда, анын 587 чакырымына асфальт төшөлсө, 178и бодурлоодон өтүп, 90 чакырымына шагыл төгүлөт.
Бишкекте кайсы көчөлөр тротуарлуу болот. Тизме